Жумгалдагы сынакта окуучулар түтүн жана самын менен Манастын элесин кагазга түшүрүштү (видео, cүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Байзак айылында «Манас таануу» интеллектуалдык сынагынын алкагында уюштурулган жаш сүрөтчүлөр сынагы болуп, ага райондун аймагындагы орто мектептерден 16 окуучу катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сүрөт сынагында Манас баатырдын элесин түшүрүү тапшырмасы каралган. «Көй-Кашка» коомдук фондунун төрагасы Төлөбек Муса уулунун айтымында, бул сынак биринчи жолу уюштурулуп, Жумгал районунда башталып жатат.

«Өлкө аймагында «Манас» күнүнө карата 24 мектепке жобо жиберилген, азыр ага 16 мектеп катышууда. Сүрөт сынагы алгачкы ирет болуп, ал Жумгалда башталды. Азыр 15 окуучу катышууда. Аларга берилген 1,5 саат убакыттын ичинде Манас атабыздын образын чагылдыруу, Манас атабызды кандай элестетесиңер деген тапшырма берилген. Мисалы, Манастын сүрөтүн тарткан бул Александр Иванович Герцен аркылуу чагылдырып бере алабыз. Манасчылар түш көрүп, аян көрүп «Манас» айтса, сүрөтчү Герцен дагы аян көрүп сүрөт тартчу. Эми окуучулардын кимиси алдыга чыгарын жыйынтыгында көрөбүз», - деди Төлөбек Муса уулу.

Сүрөт тартуу сынагында 1-орунду Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы орто мектебинин окуучусу Адил Өмүрбек уулу түтүн менен тарткан сүрөтү үчүн алса, 2-орунду самын менен тарткан Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Мунара Эсенбек кызы алды.

7-класстын окуучусу Адил Өмүрбек уулу түтүн менен сүрөт тартат. «Алгач шам (свеча) менен түтүн аркылуу тартабыз. Шамды күйгүзүп, оттун жалынын баракка тийгизип тартабыз. Мен Манасты кырк чоросу менен тарттым. Негизи, 6-классымдан баштап сүрөт тартып баштагам. Көбүнчө жаратылышты тартам. Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, келечекте сүрөтчү болгум келет», - дейт ал.

Адилдин мугалими, райондун К.Акыев атындагы орто мектебинин сүрөт сабагы боюнча мугалими Максат Сайнидиновдун айтымында, түтүн менен сүрөт тартуу ыкмасын америкалык сүрөтчү ойлоп тапканын айтты.

«Түтүн менен сүрөт тартуу ыкмасын биринчилерден болуп япон улутундагы америкалык жаран Патриха Хаяш К.Тыныстанов Ысык-Көл мамлекеттик университетке келип, студенттерге мастер-класс көрсөткөн. Анын айтуусунда, 50 жашка келгенде кесибин өзгөрткөн. 50 жашында сүрөт академиясына барып, сүрөтчү болом деп максат койгон. Бирок сүрөт тарта албай жинденип, бардык материалдарын, кагаздарын өрттөп жиберген экен. Кагаздар өрттөнүп жаткан учурда үстүңкү кагаздары күйүп, анын алдындагы кагаздарына түтүн аркылуу сүрөттүн элестери түшүрүлүп калган экен. Кийин ал ушул ыкманы иштеп чыгып, көптөгөн мамлекеттерде сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, көрүнүктүү сүрөтчүгө айланган. Бул ыкманы биз учурда колдонуп жатабыз. Бул ыкма менен көптөгөн жаратылышты, кыргыздын оймо-чиймелерин дагы кошуп тартсак жакшы болот экен», - деди ал.

Ал эми самын менен сүрөт тарткан окуучу кыз учурда Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинде 8-класста окуган Мунара Эсенбек кызы.

«Бала кезден бери эле сүрөт тартам, бир тууган эжем да сүрөтчү. Алгач карандаш менен сүрөт тартып алып, андан соң гуашка самын салып, ал караргандан кийин ийне менен чиймелеп сүрөт тартам. Бул сынакка Манас атабыздын ат минип турган кезин түшүрдүм. Сүрөт тартканды билсе, баары оңой эле. Үй-бүлөдө 2 бир тууганмын, бир тууган эжем бар, ал да сүрөтчү. Келечекте архитектор болгум келет. Көбүнчө жаратылыш менен адамдардын келбетин тартам», - деди ал.

Мунаранын мугалими М.Алыбаев орто мектебинин сүрөт мугалими Жыргалбек Сулайманов грант таш ыкмасы менен сүрөт тартуунун сырларын айтып берди.

«Азыркы окуучум грант таш технологиясы менен сүрөт тартты. Биз дагы түтүн менен сүрөт тартуу ыкмасын колдонобуз. Эң негизги балдардын ыңгайына, шартына өз эрки менен мүмкүнчүлүгүнө жараша беребиз. Ар кандай сынакка катышат, өткөндө облуста жаш таланттар сынагында 2-орунду, дагы бир окуучум 3-орунду алган. Бул ыкмага гуаш, түстүү кагаздар, боёктор, самын, ийне же түстүү ийне сыяктуу буюмдар колдонулат. Азыр мектепте сүрөт тартууга шарттар жок, бирок өз аракетибиз менен иштеп келе жатабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up