Жалал-Абад шаарында зордук-зомбулукка каршы бир топ иш-чаралар өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Баланын укуктарын коргоо жана Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын Кыргыз Республикасында ратификациялангандыгынын 25 жылдыгына карата «Ар бир балага – бала кезинен укугун коргоо», «Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияны» ишке ашыруу максатында Жалал-Абад шаарындагы мектептерде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектептерде «Балдар башкарууда» деп аталган акциялар өткөрүлүп, «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуксуз тарбиялоо» деген темада ата-энелер үчүн нускамалар илинди. Мектептердин эмгек жамааттарында «Аялдардын укуктарын коргоо» деп аталган семинарлар, класстарда «Зордук-зомбулуксуз дүйнө», «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!» темасында ачык класстык сааттар өтүлдү. 8-11-класстардын окуучулары арасында «Баланы уулдай тарбияласаң уул, кулдай тарбияласаң кул болот» деген темада эссе жазуу сынагы, 6-7-класстар арасында «Балдар — биздин келечегибиз» аталышында спорттук мелдештер уюштурулду.

Учурда Жалал-Абад шаарындагы мектептерде 10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк адам укуктарын коргоо күнүнө карата иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up