Нарындын Актан Тыныбек мектебиндеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү

Билим АКИpress - Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектепте билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 36 миң 500 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Кенжегүл Бектемирова аймактык кабарчыга билдирди.

Учурда аталган мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки 50 бала бар. Майыптар күнүнө карата өткөн майрамдык жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Динара Жунусова, район акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова, райондун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Вененра Өмүралиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтуу менен чакан белектерин тапшырышты.

Майрамдык кече окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up