Коронавирус. Студенттер карантин учурунда кандай коопсуздук эрежелерин аткарышы зарыл?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн каникул учурундагы коопсуздук чаралары тууралуу нускама таратты.

16-марттан баштап Кыргызстандагы бардык мектептер менен окуу жайлар карантинге жабылган.

Студенттердин ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн төмөнкү күнүмдүк-профилактикалык аракеттерди сактоо сунушталат:

• эгерде ооруп калсаңыз, үйдө калыңыз;

• дем алуу жолдорунун гигиенасын сактаңыз: кол менен бетти, көздү, оозду жана мурунду кармалагандан алыс болуп, бер аарчыга же чыканактын бүгүлгөн жерине жөтөлүү жана чүчкүрүү керек;

• жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду кагаз бет аарчы же чыканактын бүгүлгөн жери менен жабыңыз. Бир жолу колдонулган кагаз бет аарчыны таштанды челекке салуу зарыл;

• тез-тез колду самындап жууп туруңуз. Эгерде самын же суу жеткиликтүү болбосо, анда спирт камтыган (спирттин өлчөмү 60%дан кем эмес) дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз;

• коопсуздук чөйрөнү камсыз кылуу үчүн системалык негизде профилактикалык иш-чараларды өткөрүңүз: көп кармалуучу жерлерди жана буюмдарды дезинфекциялап туруңуз, нымдуу тазалоо ишин жүргүзүңүз жана бөлмөнү желдетип туруңуз;

• тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин сактаңыз: термикалык иштетилген тамак-ашты, жуулган жер-жемиштерди жана жашылчаларды колдонуңуз, идиш-аяк, ашкана буюмдары, тамак же суусундуктарды башка адамдар менен бөлүшпөңүз; эл массалык топтолгон жерлерде же коомдук жайларда тамактануудан алыс болуңуз;

• эл массалык топтолгон жерлерге же коомдук жайларга барууну токтотуңуз (театрларга, кинотеатрларга, соода жана оюн-зоок борборлоруна, спорттук жайларга, компьютер клубдарына, түнкү кулубдарга, дискотекаларга ж.б.);

• коомдук транспорттордо жүрүүнү кыскартыңыз;

• коомдук тамактануучу жайларга барбаңыз (ресторан, кафе ж.б.);

• кошумча билим берүүчү сабактарына (ар түрдүү билим берүү курстарга, спорттук секцияларга, бий студияларына ж.б.) барбаңыз;

• жаныбарлар менен байланышууда коопсуздук эрежелерин сактаңыз.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь