Билим берүү министрлиги үй-бүлөлөр арасында китеп окуу акциясын жарыялайт

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги «Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең» деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында уюштурулууда. Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.

Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китептен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.

Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин Фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык тармактар аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.

Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги “Окурман үй-бүлө” номинацияларын тапшырат.

Сунуш кылынган китептердин тизмесин бул шилтемеде: https://edu.gov.kg/kg/news/bilim-ber-zhana-ilim-ministrligi-atam-apam-zhana-men-kitep-okujbuz-baarybyz-te-dep-atalgan-j-bllk-kitep-okuu-saamalygyn-zharyyalajt/.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь