Онлайн билим берүү. Интернети жок окуучулар эмне кылса болот? Министрликтен жооп

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев «Ала-Тоо 24» эфиринде онлайн билим алуу үчүн интернетке колушала албаган аласкы айылдын окуучулары эмне кылса болорун айтты.

Усеналиевдин айтымында, ар бир айылда азыр телекөрсөтүү бар. Эртең мененки саат тогуздан бирге чейин окуу программасы боюнча видеосабактар «Баластан», «Илим Билим», «Пирамида» каналдарынан көрсөтүлөт.

«Мисалы, бүгүн башталгыч класстар үчүн көрсөтсөк, эртең жогорку класстар үчүн көрсөтүлөт. Видеосабактардын расписаниеси райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин жеткирилет. Бардык класстар үчүн кошумча тесттер иштелип чыккан, мунун баары сайтка жайгаштырылып, жеткиликтүү болот. Бул ыкма менен биз окуучулар жыл башынан бери өздөштүргөн окуу програмасын бекемдөө үчү кайтарым байланышты алалы деп жатабыз. Суроолор болушу керек, анткени биз мындайды биринчи жолу ишке ашырып жатабыз», - деп айтып берди Билим берүү министрлигинин өкүлү.

Усеналиевдин сөзүнө караганда, бардык окуучулар «Мега 24» мобилдик тиркемеси аркылуу видео-контентке, электрондук ресурстар жайгашкан билим берүү порталына кире алат. Андан тышкары, кайтарым байланыш үчүн WhatsApp жана Zoom программаларын акысыз колдоно алышат.

«Дистанттык билим берүү моделиндеги биздин башкы концепт – бул бардык окуучуларды камтуу, интернет бар-жоктугуна карабай, бардык окуу ресурстарына жеткиликтүүлүк», - деп кошумчалады министрликтин өкүлү.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь