Онлайн билим берүү. Окуучулар үчүн интернет-ресурстар

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелде баштала турган дистанттык режимде билим берүү үчүн интернет-ресурстарды сунуштайт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ресурстар өнөктөштөрдүн жардамы менен иштелип чыкты. Тизменин аягындагы ресурс – эки дүйнөлүк ресурс, коронавирус пандемиясына байланыштуу аларды акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

1. Электрондук китепкана. Министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын окуу материалдарын камтып, төмөнкү электрондук даректе жайгашкан: https://kitep.edu.gov.kg сайтын сунуштайт.

Бул ресурстарга 1-класстан 11-класска чейинки окуу китептери жайгаштырылды. Тиешелүү бөлүмдөрүнө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга, же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн. Китептер кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдүү мектептер үчүн.

2. Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да материалдар жайгашкан.

3. Министрлик окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплексин кошумча билим берүү ресурсу катары сунуштайт. Окутуу материалдары республиканын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды: https://www.ibilim.kg/kyr/index.html

4. Ал эми 5-9-класстар үчүн «Билим булагы» комплекси сунушталат. «Билим булагы» – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргызстандагы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси. Ал төмөнкү даректе жайгашкан: https://www.bb.edu.gov.kg/

5. Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан «Кыргызстандын билим берүү ресурстары» деген билим берүү порталы түзүлгөн. Бул порталга 1-11-класстардын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жайгаштырылат. Дареги: oku.edu.gov.kg. Буга кошумча «Кыргызстандын билим берүү ресурстары» деген аталыштагы YouTube канал ачылды.

6. Кырдаалга байланыштуу, билим берүү мекемелеринин дистанттык формада окууга өтүп жаткандыгынан улам «Хандикрафт» компаниясы Mozaik Education сайты менен чогуу дистанттык окутуу системасын өнүктүрүүгө жардам катары санариптик билим берүү ресурстарына акысыз кошулууга мүмкүндүк берүүдө. mozaBook Classroom мугалимдер үчүн жана mozaWeb Premium окуучулар үчүн. Бул сайттан миллиондогон түрдүү вариациядагы, форматтагы (видео, 3D, санариптик сабактар) материалдарды көрүүгө, окууга болот. Ал ресурстарга төмөнкү шилтеме менен өтүүгө болот: https://www.mozaweb.com/ru/ сайтына: http://intobr.kg/ аркылуу катталып, 2 ай акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.

7. Билим берүү жана илим министрлиги https://www.yaklass.ru/ сайтын да сунуш кылат. Аталган сайт да 6-апрелден баштап акысыз иштеп баштады. ЯКласс сайтында мектеп программасындагы 13 предмет боюнча 1,6 трлн тапшырмаларды жана видеосабактарды табууга болот.

Негизги багыттары:

1. Мугалимдерге жардам:

- фронталдык сурамжылоо өткөрүү үчүн инструмент катары;
- үй тапшырмаларын жана контролдук иштерди текшерүүдө убакытты үнөмдөө;
- аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгын автоматтык эсептөө;
- окуучунун жетишүү деңгээлине ылайык индивидуалдык окутуу траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгү;
- материалды өздөштүрүүгө анализ.

2. Окуучуларга жардам:

- окуучулар үчүн мектеп предметтеринен өз алдынча даярдануу, практика жана өтүлгөн материалды бекемдөө үчүн уникалдуу тренажёр катары.

3. Ата-энелерге жардам:

- үй тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг, баланын жетишүүсүн өз алдынча баалоо.

8. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо. ЖРТга каттоонун мөөнөтү жылдырылды жана бул багытта даярдык иштери жүрүүдө. Бул багытта министрлик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу боюнча онлайн ресурстардын топтомун сунуштады. ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо: http://www.testing.kg/ru/ort-test/besplatnye-broshjury-2016-goda-po-podgotovke-k-ort.html.

Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар:

- http://www.testing.kg/ru/v-pomosch-abiturientu/videouroki-po-podgotovke-k-ort.html

- https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.

ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы тартылган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар. (www.testing.kg), Илим-Элим онлайн билим берүү платформасында жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун YouTube каналында жайгашкан: https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.

Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест. Шилтеме: http://testing.kg/ort/.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg/) жана Инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official/) баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештери.

«Кут билим» гезитинде жарыяланган ЖРТнын тапшырмаларынын мисалдары: http://www.testing.kg/ru/ort-test/primery-zadanij-obscherespublikanskogo-testirovanija.html.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь