ЖОЖдор февралда аралаш окутуу форматына өтүшөт. Айрым студенттер реалдуу окуп башташат

Жаңылыктар | 16:01, 13-январь 2021 | Жаңыртылган 18:06, 14 январь 2021 | 2 625

Билим АКИpress - Кыргызстандагы жогоркуу окуу жайлар февралдан тарта аралаш фоматта окутууга өтүшөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 13-январдагы маалымат жыйында билдирди.

Реалдуу окутууга бардык багыт боюнча жогорку окуу жайлардын, колледжердин жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчү курстары өтүшөт. Ошондой эле магистранттар толугу менен реалдуу окуп башташат.

Медицина багыты боюнча билим алган студенттердин бардыгы да — 1-курстан бүтүрүүчү курска чейин — реалдуу режимде окушат.

«Азыркы учурда жогорку жана орто окуу жайларда сессия жүрүп жатат. Февралдын башында же ортосунда жазгы семестр башталат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жумушчу топ түзүлгөн. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү кирет. Жогорку жана орто окуу жайларда окуу процессин уюштуруу боюнча алгоритм иштелип чыкты», - деди Өмүров.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Видеоматериалдар
×

up