Министрлик билим берүү бөлүмдөрүнө мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видеоконференция аркылуу жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияда министрдин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоо керектиги эскертилди.

Мындан тышкары, Жусупбекова Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовго реалдуу режимге өткөн билим берүү уюмдарында санитардык нормаларды так сактоо, кышкы жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

Видеоконференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары менен Билим берүү академиясынын президенти мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Видеоматериалдар
×

up