Айдаркендеги балдардын пикир келишпестиги. Окуучуларды элдештирүү иш-чарасы өттү
Билим АКИpress - Айдаркен шаарынын №20 Орозбай Маканов атындагы орто мектебинде 2021-жылдын 13-январында Айдаркен шаарындагы улуттар ортосундагы ынтымак достукту чыңдоо максатындагы чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу мектеп директору Мурзаева Касиет Орунбаевна билдирди.
Иш-чарага жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, аксакалдар соту, айыл өкмөт башчысы жана №7 Фирдавси атындагы орто мектеби менен №20 О.Маканов атындагы орто мектебинин окуучулары, ата-энелери жана мугалимдери катышты.
№7 Фирдавси атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучу балдары менен №20 О.Маканов атындагы 9-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестикке барып калган.
Буга чейин да Айдаркен шаарында ар кандай улуттагы элдер жашап, ич ара достукту бекемдеп, бирге окуп, достошуп, аласа-бересе түзүп, жакшы мамиледе жашап келишкен жана биргеликте ар кандай иш-чара, оюн-зоокторду уюштуруп келишкен. Ушул нерселерди балдарга түшүндүрүп, аларды элдештирип, мындан ары мындай окуяларды токтотуу керектиги жана эки мектептин окуучулары ортосунда иш-чаралар өткөрүп туруу керектиги айтылды.
Окуучулар да бири-бири менен кол алышып, бири-бирине достук сөздөрүн беришти.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.