Ак-Талаада мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мугалимдердин «Мектеп — билим башаты» аталышындагы август кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 14-сентябрь күнү райондук маданият үйүнүн концерттик залында салтка айланып калган кезектеги агартуу тармагынын август кеңешмеси өткөрүлүп, ага мектеп директорлору, бала бакча башчылары, мугалимдер, тарбиячылар жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде 2020-2021-окуу жылындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер, 2021-2022-окуу жылына карата даярдыктар, билим берүү тармагына тартылган инвестициялар, мугалимдердин жана окуучулардын жараткан ийгиликтери, билим берүү тармагы үчүн курулуп жаткан, курулган жана оңдолуп жаткан обьектилер туурасында, ошондой эле бир катар көйгөйлөр боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев маалымат берди.

Агартуу тармагынын кызматкерлерин бийлик өкүлдөрү, ардагерлер куттуктап өтүштү.

Мындан тышкары, бала бакча жана орто мектептердин кезектеги оңдоо иштерин сапаттуу жасагандарга, көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга узап кеткен мугалимдерге сыйлыктар ыйгарылды.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть