Ак-Талаада ардактуу эс алууга узаган мугалимдер сыйланды

Билим АКИpress -

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда ардактуу эс алууга кеткен мугалимдерге сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 14-сентябрь күнү мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлүп, анын жүрүшүндө көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгып кеткен мугалимдерге Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каты тапшырылды.

Алар:

- Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин мугалими Эркинбек Карасартов,

- Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин мугалими Анархан Султангазиева,

- Ак-Кыя айылынын Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинин мугалими Жыпар Мамбетова,

- Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалими Рахима Кулатаева,

- Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинде директор болуп эмгектенип, өз каалоосу менен кызмат ордун тапшырып, катардагы мугалим болуп калган Нурлан Чыныбаев.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть