Ак-Талаада окуу имараттары сапаттуу оңдоодон өткөн мектептер менен бала бакчалар сыйланды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2021-2022-окуу жылына карата кезектеги оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзгөн мектеп жана бала бакчалар сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 14-сентябрь күнү мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 2021-2022-окуу жылына карата бала бакча жана орто мектептердин имараттарын кезектеги оңдоо иштерин сапаттуу жасаган бала бакчалар жана орто мектептер райондук билим берүү бөлүмүнүн диплому жана билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин акчалай сыйлыктарына ээ болушту.

Мектептер боюнча:

- 1-орун — Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби,

- 2-орун — Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектеби,

- 3-орун — Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеби.

Бала бакчалар боюнча:

- 1-орун — Жаңы-Талап айылынын «Бөбөк-Тай» бала бакчасы,

- 2-орун — Баетов айылынын «Алтын муун – Наристе» бала бакчасы,

- 3-орун — Ак-Чий айылынын «Нур-Эл» бала бакчасы.

Мындан тышкары, 2021-2022-окуу жылына карата окуу имараттарын оңдоого салым кошкондугу жана окууга даярдык көрүү боюнча окуу бөлүмүнүн башчылары ыраазычылык кат менен сыйланды:

- Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Куштарбек кызы Гүлзат,

- Ак-Тал айылынын Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айзада Сыдыгалиева,

- Ак-Чий айылынын Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Жанура Кенеева.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть