Баетовдогу Э.Карасартов мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери бирдиктүү форма кийишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекованын айтымында, 2021-2022-окуу жылына карата 70 мугалим окшош түстөгү бирдиктүү форма тиктирип кийишти.

Тактап айтканда, ар бир мугалим 2 миң сомдон каражат чогултуп, Бишкектеги тигүү цехтеринин бирине буйрутма аркылуу тиктиришкен. Жалпысынан 140 миң сом сарпталган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть