Баткен шаарында мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү

Билим АКИpress - Баткен шаарында мугалимдердин «Сапаттуу билим берүү жана руханий-адеп-ахлактык тарбия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» аталышындагы кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сейитмурат Калыков, Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Осмон Эркебаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдила Ахматбеков, шаардагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мугалимдер катышты.

Кеңешмеде билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдила Ахматбеков өткөн окуу жылы ичинде аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер, алдыдагы пландар тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле мугалимдерден Минавар Таштемирова «Санарип педагогика», Канышай Галбаева «Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча» жарыш сөзгө чыгышты.

Вице-мэр Мансурбек Маматисаев билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, шаарда билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын белгиледи.

«Баткен шаарынын мэриясы билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоп келет жана колдоого дайым даяр. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мугалимдерге коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдиктер жыл сайын каралып келет. Быйыл мектептерди оңдоп-түзөө иштерине шаардык бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, С.Огата орто мектебине кошумча 4 кааналуу имарат куруп берүү үчүн 7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Республикалык, облустук олимпиадаларда, «Манас таануу», «Илим жана техника» сынактарында ийгилик жараткан окуучуларга жана мугалимдерине, мыкты бүтүрүүчүлөргө мэрия тарабынан жыл сайын мотивация берүү максатында акчалай сыйлыктар берилип келет. Жакын арада курулушу бүткөрүлгөн имараттарды пайдалануга беребиз», - деди М.Маматисаев.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-мэр М.Маматисаев көп жыл эмгектенген, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн кызматкерлерди ардак грамота жана алкыш баракчалар менен сыйлады.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть