Жалал-Абадда мугалимдер жаңы окуу жылына карата пландарды талкуулашты

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарында мугалимлердин август кеңешмеси өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Калаадагы мектептерден 400дөй мугалими катышкан иш-чарада 2021-2022-окуу жылына пландар талкууланды.

«Иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова жана мектеп директорлору, мугалимдер катышып, өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу сөз жүрүп, алдыңкы мугалимдер сыйланды. Аны менен катар быйылкы окуу жылына да конкреттүү пландар коюлду. Тагыраагы, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда салттуу түрдө башталып, бул күнгө мугалимдер жана мектептер толугу менен даяр. Ушул тапта жалпы мугалимдердин 96%ы вакцинанын эки дозасын тең алышты. Ошентсе да, окутуу бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзулөт» ,- деди Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башсысы Ы.Калчаев.

Мындан сырткары, ал быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаарга караган Төш-Кутчу айылында 100 орундуу бала бакча курулуп бүтүү алдында турганын жана шаардагы №2 мектептин көп жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан спорт залы колдонууга берилерин кошумчалады.

Жалал-Абад шаарында 20 муниципалдык мектеп бар. Анда эмгектенген 1091 мугалим 30миңден ашык окуучуга билим берет.

Быйылкы 2021-2022-окуу жылында калаадагы мектептер 3000ден ашык баланы 1-класска кабыл алды.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть