Ош облусунда билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси өткөрүлдү

Билим АКИpress - 14-сентябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында педагогикалык кызматкерлердин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин кеңешмеси өткөрүлдү.

«Сапаттуу билим жана руханий-адеп-ахлактык тарбия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» темасындагы кеңешменин катышуучулары үчүн райондордогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин, ошондой эле билим берүү тармагы менен тыгыз иш алып барган окуу борборлору менен түрдүү долбоорлордун көргөзмөсү коюлду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Кеңешменин башында Ош билим берүү институтунун жана облустагы билим берүү жаатындагы жетишкендиктерди чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, аталган институттун директору Гүлмира Турдубаеванын баяндамасы менен башталды. Ал өз сөзүндө өткөн окуу жылындагы ийгиликтерди улантып, алдыга так милдеттерди коюп, мындан да жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн жигердүү иш-аракеттерди жүргүзүү абзел экендигин баса белгиледи.

Андан ары иш-чаранын жүрүшүндө институттун кызматкери Ж.Кудайкулова, «Окуу керемет» долбоорунун түштүк боюнча координатору С.Аматов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Кожобеков баяндама жасады.

Кеңешменин жыйынтыктоочу бөлүгүндө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов, андан кийин Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев сөз сүйлөп, билим берүү тармагында үзүрлүү иш алып барган кызматкерлерге ардак грамоталарды, жер тилкесин алуу боюнча сертификаттарды, акчалай сыйлыктарды, баалуу белектерди тапшырышты.

Аягында кеңешменин резолюциясынын жумушчу долбоору добушка коюлуп, катышуучулардын колдоосуна ээ болду.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть