Билим күнүндө Ысык-Көлдө 400дөн ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздашты

Билим АКИpress - 2021-жылдын 15-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда 400дн ашуун милиция кызматкери ар бир билим берүү мекемесине бекитилип, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев Түп районунун Сары-Тологой айылындагы У.Эгембердиев атындагы орто мектенбинин окуучулары менен мугалимдерин Билим күнү менен куттуктап, өзүнүн атынан башталгыч класстарынын окуу куралдарын жана жеке коргоонучу каражаттарды тапшырды.

Облус аймагындагы билим берүү мекемелерине шаар-райондук ИИБ башчылары, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана жол кызматкерлери ата-энелердин катышуусунда жаңы мектеп босогосун аттаган бөбөктөргө ийгилик каалып, жол коопсузудугу боюнча маек курушса, жогорку класстардын окуучуларына укук сабактары өткөрүлдү. Ошондой эле ар бир шаар-райондун алыскы аймактарында жайгашкан мектептердин 1-класстарынын окуучуларына милиция кызматкерлери белектерди тапшырып, майрамдык маанай тартуулашты.

У.Эгембердиев атындагы мектептин директору Ч.Орозбаевна окуучуларга эң керектүү жана жетишпеген китептерди тартуулап, окуучулардын билим алуусунда салым кошкондугу үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть