Кеминдин Бообек айылындагы мектепке кошумча имарат курулуп, пайдаланууга берилди

Билим АКИpress - Кемин районуна караштуу Бообек айылындагы «Ак-Тилек» орто мектебине кошумча имарат курулуп, ачылышы 2021-жылдын 10-сентябрында өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Тентишев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Жумаев, «АРИС» долбоорунун өкүлдөрү жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева катышты.

Э.Тентишев мектеп окуучуларына 15 компьютер белек кылды.

Мектепте 168 окуучу окуйт жана 16 мугалим эмгектенет. Кошумча имарат бардык шарттары менен курулду. Айыл тургундары кошумча имараттын курулушуна салымын кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдиришти.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть