Жумгал районунда 1 миңден ашуун окуучу алгачкы ирет мектеп босогосун аттады

Билим АКИpress - Жумгал районунда 24 орто мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, район боюнча 9 миңге чукул окуучу билим алса, 1-класска 1 миңге чукул бала кирди. Район боюнча 860 мугалим билим-тарбия берет.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышып, өз куттуктоосун жолдоду.

Бул жылы мектеп босогосун алгачкы ирет аттап жаткан Аким Тургуналиев 1-класска барганына сүйүнүп жатат.

«Менин атым Аким. Атамдын аты — Тургуналы. Мен үй-бүлөдө 6 бир тууганмын. Мага мектепте окуган абдан жагат, мен жакшы окуп, келечекте чоң кесиптин ээси болом. Үйдөн бош убакта китеп окуп, досторум менен ойнойм», - деди ал.

Ал эми рчы болом деп кыялданган Алима үй-бүлөдө 5 бир тууган. Ал мектеп босогосун жаңы аттап жатып, классташтарына тартынбай ырдап берди.

«Мен чоңойгондо ырчы болом. Ырдаган мага абдан жагат. Азыр ырдап берейинби? Мектеп мага жакты. Сабакка эми калбай келем», - дейт ал.

Район аймагында авариялык абалдагы мектептер бар. Ал эми райондун Кызыл-Жылдыз, Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Кызарт айылдарындагы орто мектептердин курулушу толук бүтө элек.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть