Ошто милициянын кайгуул кызматкерлери окуучулардын коопсуздугун камсыздашууда

Билим АКИpress - 2021-2022-жаӊы окуу жылынын башталышына карата 15-сентярь күнү Ош шаарынын аймагындагы орто мектептерде Билим күнү белгиленди.

Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен биргеликте мектеп окуучуларын унаа жолдордон өткөрүп, Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмү кызмат алып барышууда.

Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл бурулуп, алардын катышуусундагы жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу үчүн унаа жолдордун боюнда жайгашкан мектептердин алдындагы жөө өткөөлдөргө окуучулардын элесин чагылдырган манекендер жасалып, шаардын орто мектептерине тапшырылды.

Жаӊы окуу жылынын башталышы менен жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында шаар мектептеринде сабактарды, аӊгемелешүүлөрдү өткөрүү үчүн 2021-жылдын 15-сентябрынан баштап 15-октябрына чейин бир айлык «Салам, мектеп!» рейддик иш-чарасы өткөрүлмөкчү.

Ошол эле учурда Президенте караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин кызматкерлери менен биргеликте 1-класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүүдө жана балдарын жетелеп келген ата-энелерге окуучулардын коопсуздугу үчүн үйгө барып келүүчү коопсуз маршруттары, коопсуз жөө жүрүүчү жолдорду үйрөтүү керектиги жеткирилүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть