Кыргызстандын түштүк аймактарындагы 20 кесиптик лицейдин техникалык жабдылышы жакшыртылды

Билим АКИpress - Ага Хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан «Аракетчил» долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аталган долбоордун IT-курстарына катышкан 20 кесиптик-техникалык лицейге компьютердик лабораторияларды жабдуу жагынан колдоо көрсөтүлдү.

Бардык зарыл программалык камсыздамалары бар 120 компьютер жеткирилди:

- Ош облусундагы 7 лицейге — 42 компьютер;

- Жалал-Абад облусундагы 4 лицейге — 36 компьютер;

- Баткен облусундагы 9 лицейге — 42 компьютер.

2021-жылдын апрелинен бери «Аракетчил» программасынын алкагында кесиптик-техникалык лицейлердин жана жеке менчик билим берүү борборлорунун мугалимдери үчүн санариптик көндүмдөр боюнча курстар өткөрүлүп келди.

Курстарда негизги санарип көндүмдөрү, «Кеӊсе тиркемелери боюнча адис» программасы, графикалык жана веб-жасалга боюнча окутуу, ошондой эле TOT тренингдери жүргүзүлдү. Түштүк облустардагы 20 лицейден 44 мугалим окууга катышты.

2022-жылдын январынан баштап долбоордун 41 максаттык райондорунда жашаган 18-34 жаштагы 1000ден ашык улан-кыздары үчүн IT-курстарынын башталышы күтүлүүдө.

«Бул курстар эми жаштардын жумуш табышы үчүн зарыл санариптик көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз. Биз атайын жабдылган заманбап лабораторияларда окутуу IT-чөйрөсүндө жол таап кеткен жаштардын катарын калыӊдатууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз. Алар жумуш таап эле тим болбой, инвестициялык бизнесин да башташы мүмкүн», - деди «Аракетчил» долбоорунун координатору Эмилия Саалиева.

«Аракетчил» долбоору Япония өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь