«Гендер философиясы: теория жана практика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт

Билим АКИpress - «Ала-Тоо» эл аралык университети профессор, философия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Эдилова Мариям Миталиповнанын 70 жылдык юбилейине арналган «Гендер философиясы: теория жана практика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат.

Конференция 2022-жылдын 22-апрелинде саат 10:00дө башталып (КР убактысы боюнча), гибриддик режимде өтөт.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты — постсоветтик республикаларда, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коомдук турмуштун түрдүү чөйрөлөрүндө гендердик өңүттү киргизүүнүн актуалдуу проблемаларын талкуулоо.

Конференциянын тематикалык багыттары:

  • гендер жыныс теориясынын жаңы концепти катары;

  • гендер жана саясат;

  • гендер жана экономикалык өнүгүү;

  • гендер жана социалдык чөйрө;

  • билим берүү жана гендер;

  • саламаттык сактоо системасындагы гендердик маселелер.

Конференцияга Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет мамлекеттердин коомдук жана гуманитардык илимдер тармагындагы илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, докторанттары, магистранттары жана бардык кызыккан адамдар катыша алат.

Форумдун расмий тилдери: кыргыз, орус, англис жана түрк тилдери.

Уюштуруучулар:

  • АЭУнун Экономика жана башкаруу факультети;

  • ЭАУнун Факультеттер аралык мамлекеттик предметтерди окутуу кафедрасы.

Байланыш телефондору: +996 (555) 771-652 (W/App) Мавлюда Гусейнова.

Макалалар 2022-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат. Бардык кабыл алынган макалалар рецензияланат жана плагиат боюнча текшерилет. Талаптарга жооп берген материалдар Alatoo Academic Studies илимий журналына жарыяланат.

Талаптарга жооп бербеген макалалар басууга сунушталбайт. Конференцияга катышуу жана макаланы чыгаруу акысыз.

Макалаларга коюлуучу эрежелер:

Макала төмөнкү структура менен даярдалышы керек (макаланы форматтоо үлгүсүн караңыз):

  • УДК.

  • Макаланын аталышы 4 тилде (кыргыз, орус, англис жана түрк) болот;

  • Автор(лор) жөнүндө маалымат макала жазылган тилде берилет. Авторлор жөнүндө керектүү маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты; илимий даражасы жана наамы, иштеген жери жана кызматы; телефон номери, электрондук почтасы);

  • 4 тилде (кыргыз, орус, англис, түрк) жазылган аннотация (80-100 сөз);

  • 4 тилде (кыргыз, орус, англис, түрк) жазылган ачкыч сөздөр (кеминде 5 сөз);

  • макала электрондук түрдө берилет: Times New Roman шрифти 12, сап аралыгы 1,5; абзац чегинүүсү 1,25;

  • четтери: сол, оң, үстү, асты 2 см; шилтемелер, мисалы, окшош болушу керек [5, 67- б.], б.а. адабияттар тизмесиндеги булактын номери жана бул булакта беттин номери көрсөтүлөт. Цитаталанган адабияттар макаланын аягында цитата тартибинде берилет, адабияттардын тизмеси 5тен кем эмес жана 15тен көп эмес булактардан;

  • Макаланын жалпы көлөмү адабияттарды, таблицаларды жана иллюстрацияларды кошкондо 6-10 бетке чейин болуш керек.

Талаптарга ылайык форматталган макаланын электрондук версиясын (файлдын аты: макала, толук аты.doc же.docx) электрондук почта дарегине жөнөтүңүз:

E-mail: gender@alatoo.edu.kg;

Телефондор:

+996 (555) 771-652 (W/App) Мавлюда Гусейнова;

+996 (508) 100-864 (W/App) Гульнура Дыйканбаева.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь