Бишкектеги «Мээрим нуру» бала бакчасында Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата иш-чара өттү

Билим АКИpress - Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата Октябрь районунун №180 «Мээрим нуру» бала бакчасында «Мен миң жыл жашадым» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага филология илимдеринин доктору, академик Сыртбай Мусаев, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова, башкармалыктын башкы адиси Жайнагүл Сапалова жана ата-энелер, тарбиячылар, балдар катышты.

Иш-чаранын максаты — өз өмүрүн тилге арнаган Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө маалымат берүү, анын чыгармачылыгын, өмүр баянын, тил жөнүндө айткандарын жайылтуу, бөбөктөрдү патриоттуулукка тарбиялоо, ата-энелер менен тыгыз кызматташуу.

Иш-чаранын башында «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, тарбиячылар тарабынан даярдалган чакан программа тартууланды.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть