КУАУда Кыргыз Эл Баатыры Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - 2022-жылдын 7-сентябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун тѳрагасы, Кыргыз ССРнин Министрлер советинин тѳрагасы, Кыргыз Эл Баатыры Дүйшеев Арстанбек Дүйшеевичтин 90 жылдык мааракесине арналган «Айыл чарбасы жана тамак-аш коопсуздугу: Технологиялар, инновациялар, рыноктор жана адистер» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, айыл чарба министринин орун басары Н.Алишеров, КР УИАнын академиги А.Жунушов, коомдук жана мамлекеттик ишмер К.Ашыралиев, Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары, А.Дуйшеевдин уулу К.Дүйшеев, профессор-окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Илимий-практикалык конференцияда КУАУнун ректору, УИАнын, РИАнын академиги, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Р.Нургазиев илимий баяндамасында А.Дүйшеевдин өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө токтолуп, анын мекенчилдигине, атуулдугуна, адамгерчилигине, жогорку маданияттуулугуна, бийик интеллектүүлүгүнө, анык кесипкөйлүгүнө, жоопкерчилигине, уюштуруучулугуна, рухий дүйнөсүнүн молдугуна баа берип, инсандын өмүрү жаштарга өрнөк экендигин тастыктады.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн А.Дүйшеевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы жана «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылгандыгы баса белгиленди.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь