Кара-Сууда орус тилчи мугалимдер үчүн семинар-тренинг уюштурулду

Билим АКИpress - Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл аймагындагы №139 Короз Эрматов атындагы орто мектебинде «Функционалдык сабаттуулук компетенттүүлугүн калыптандыруу жана баалоо: улуттук окуу китептеринин окурмандык сабаттуулукту калыптандырууга багытталышы» деген темада орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн райондук семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Семинар эл аралык PISA-2025 программасы боюнча тестирлөөгө окуучуларды даярдоо максатында уюштурулган.

Иш-чараны уюштурууда Бишкектеги «Аркус» басмаканасынын Маалымат-методикалык борборунун директору Евгений Терентьев көмөк көрсөтүп, орус тили китептеринин авторлору Наталья Задорожная, Татьяна Матохина жана кыргыз тили китептеринин автору Айгүл Омарова катышты.

Ошондой эле семинарды Кара-Суу райондук окуу-усулдук каанасынын жетекчиси Жаныш Омошов, усулчулары Гулпари Мирза-Абдуллаева, Элвира Бакирова, секция жетекчилери Тахмина Чынасылова жана Роза Эгембердиева биргеликте өткөрүштү.

Семинарга Кара-Суу районундагы кыгыз, орус жана өзбек мектептеринин орус тили жана адабияты сабагын 7-класстарга өткөн мугалимдер катышты.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть