«Ала-Тоо» университети Өзбекстандын 3 жогорку окуу жайы менен кызматташтыкты улантат

Билим АКИpress - «Ала-Тоо» эл аралык университети 10-14-октябрда «Борбордук Азияда жогорку билим берүүнү жаңы технологиялар менен модернизациялоо» (HiEdTech) аттуу долбоордун 9-жолугушуусуна катышты.

Аталган долбоор Евробиримдиктин «Эразмус+» программасы менен Өзбекстандын 3 университетин каржылайт — Мухаммед Аль Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университети, Анжиян машина куруу институту жана Ташкент мамлекеттик экономика университети.

Долбоордун максаты — маалыматтык байланыш технологияларынын негизинде билим берүү процессинде инновациялык билим берүү технологияларын жана дидактикалык моделдерди (IET & DM) киргизүү жана натыйжалуу пайдалануу аркылуу Борбордук Азиядагы билим берүү системасын санариптик муунга ылайыкташтыруу болуп саналат. Долбоор 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2022-жылдын ноябрь айында ишин аяктайт.

Кыргызстандан долбоорго 3 жогорку окуу жай катышты — «Ала-Тоо» эл аралык университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Длбоордун акыркы жолугушуусуна европалык ЖОЖдордун бардык өнөктөштөрү, ошондой эле Борбордук Азиядагы өнөктөштөр катышты.

АЭУнин атынан ректор, п.и.к., доцент Санжарбек Эрдолатов, окуу иштери боюнча проректор, Ph.D. Рустам Умаров, долбоордун координатору Айкерим Сагынбекова, Инновациялык технологиялар борборунун директору Кундуз Жузупекова жана курстун иштеп чыгуучусу Бурул Шамбетова катышты.

Бул жолугушууда долбоордун Борбордук Азиядан келген ар бир өнөктөшү өзүнүн жогорку окуу жайы боюнча отчёт берди. Долбоордун жыйынтыгын «Ала-Тоо» эл аралык университетиндеги координатору Айкерим Сагынбекова ийгиликтүү бөлүштү.

Мындан сырткары, АЭУнин ректору Санжарбек Эрдолатов Өзбекстандын 3 жогорку окуу жайы менен, тактап айтканда, Мухаммед Аль Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университети, Анжиян машина куруу институту жана Ташкент мамлекеттик экономика университеттери менен мындан аркы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары ЖОЖдордо санариптик трансформация боюнча долбоорлорду жана андан аркы өнүгүүнү талкуулашты.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь