Агрардык университеттин жетекчилиги StartUp долбоорлорунун авторлору менен жолугушту

Билим АКИpress - 2022-жылдын 1-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун StartUp борборунда КУАУнун ректору, академик Р.Нургазиев, проректорлор, бөлүмдөрдүн башчылары StartUp долбоорлорунун авторлору менен жолугушуу болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада КУАУнун ректору, академик Р.Нургазиев Кыргызстан креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча келечектүү өлкө экендиги, жаштар арасында ишкерликти колдоого багытталган долбоор ишке киргизилип жаткандыгы, заман талабына шайкештиги жөнүндө терең жана кенен ойлорун ортого салды. Өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү тарыхы көрсөткөндөй, өлкөнүн негизги ресурсу болгон демилгелүү, кызыктуу идеялары бар таланттуу студенттерди колдоо керектигине токтолду.

Студенттер StartUp борборунда ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ачылып жататкандыгын жана заманбап шарттар түзүлгөндүгүнө байланыштуу ректорго жана жалпы жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришти.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь