Бүгүн абитуриенттерди ЖРТга кошумча каттоо жүргүзүлөт

Билим АКИpress - Бүгүн, 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өткөрүлөт.

Тестирлөө борборлору:

  • Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;
  • Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;
  • Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну жүргүзөт. Анын ичинен 17 — мамлекеттик, 32 — мамлекеттик эмес.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть