Сокулуктагы №1 мектепте окуучуларга жол коопсуздугу боюнча маалымат берилди

Билим АКИpress - Сокулук районунун аймагында жайгашкан №1 орто мектебинде «Коопсуз жол жана балдар — биздин келечек» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада балдардын катышуусундагы жол кырсыктардын алдын алуу, болтурбоо максатында уюштурулду.

Жөө жүргүнчүлөр өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек, жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери, жол кыймылынын эрежелери тууралуу айтып беришти. Андан сырткары, жол сакчылары балдарга телефондон оюндарды ойноп жолдо басууда балдар жол кыймылына көңүл бурбай, кооптуу учурларга туш болорун, ошондуктан ар дайым жолдо жүрүү эрежелерин так сактоо керектигин эскертишти.

Жол сакчылары окуучулардын кызыккан суроолоруна да жооп беришип, мындай жолугушуулар ар дайым өткөрүлө турганын билдиришти.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть