Мугалимдерге болгон мамиле дагы күчөтүлөт, - Садыр Жапаров

Билим АКИpress - Эгемендүүлүк жылдарында билим берүү жаатында да олуттуу кемчиликтер кетирилгенин жакшы билебиз, деди президент Садыр Жапаров 25-ноябрда элдик курултайда.

«Чынында өлкөбүздүн бүгүнкүсүнө да, келечекте өнүгүшүнө да билим берүү, илим тармагынын маанилүү роль ойнооруна тиешелүү көңүл бура албай келгенбиз.

Соңку эл аралык иликтөөлөр боюнча, Кыргызстандын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты абдан төмөндөп кеткенин аныкташкан. Мунун бир канча орчундуу себептери бар. Анын башкы себеби мугалимдердин макамынын болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетишинде. Анткени мыкты, билимдүү мугалим гана окуучуларга мыкты билим берет. Эгер биз мугалимдерге жогорку айлык маяна чектөө менен аларга болгон мамилени өзгөртпөсөк, анда өз ишин мыкты билген адистер мугалимдикке барышпайт.

Ал билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкканын да айтты. Анын айтымында, жарлыктын негизинде мектеп директорлорун сынактык тандоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жакшы натыйжаларын бере баштады.

«Каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары эселеп көтөрүлдү. Мектептерде мугалим болуп иштөөнү каалагандар көбөйүп, мугалимдер эми жигердүү иштей башташты», - деди президент.

Ал мугалимдерге болгон мамиле дагы күчөтүлөрүн белгилеп өттү.

«Кезекте мектептердин окуу программаларын дүйнөлүк стандарттарга чыгаруу менен тиешелүү окуу куралдарын жаңыртуу, билим берүү тармагын толук компьютерлер менен камсыз кылууну колго алдык.

Жасалып жаткан иштер билим берүүнүн сапатын арттырууга болгон алгачкы кадамдар экенин эске алып, Курултайда Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, Мекенин сүйгөн, терең билимге, таалим-тарбияга сугарылган, адеп-ахлактуу жаштарды окутуп чыгаруу темпин тездетүү жолдорун бүгүн сиздер да талкууга алып, сунуштарыңыздарды берсеңиздер», - деген пикирин билдирди Садыр Жапаров.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть