Мектеп директорлорун тандоо: Нарында 13, Ысык-Көлдө 7 талапер тесттен ийгиликтүү өттү

Билим АКИpress - 24-ноябрда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Нарын облусунан 13 адам босого пайыздык чектен өттү. Жалпысынан тест катышууга 46 талапкер документ жиберип, анын 36сы тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча тестирлөөдө 60%дык чектен 7 талапкер өттү. Жалпы 39 адам документ жиберип, анын ичинен 27 талапкер сынакка катышуу укугун алган.

Нарын облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 19 ваканттык орун бар болчу.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть