КУАУнун кызматкерлери арасында спорттук мелдеш башталды

Билим АКИpress - 2023-жылдын 16-январында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу залында профессор Балян Григорий Айказовичтин 95-жылдык юбилейине жана КУАУнун ардактуу профессору Балян Генрих Григорьевичтин 70-жылдыгына арналган КУАУнун кызматкерлери арасында спорттук мелдештин ачылуу аземи болуп өттү.

КУАУдан билдиришкендей, спорттук мелдеш 16-январдан 27-январга чейин К.И.Скрябин атындагы КУАУнун спорт базасында волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча өткөрүлөт.

Бул мелдештерди профессор Г.А.Балян атындагы коомдук фонду каржылоодо.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь