Эдил Байсалов КУАУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышты

Билим АКИpress - 25-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

КУАУнун басма сөз кызматы билдиргендей, алар Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы, Агрохимиялык лабораториясы, Топурактын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө лабораториясы, MTЗ-82.2 тракторунун нукура конструкциясынын жара кесилген стенди лабораториясы, Суунун жана топурактын касиетин анализдеген Кыргыз-Кытай лабораториясы, Виртуалдык-логистика лабораториясы, Аквакультура борбору, Бизнес-инкубатор (Стартап) борбору, Ч.Айтматов атындагы кабинет, мамлекеттик тил, орус тили, Г.А.Балян атындагы кабинеттер, күнөскана, студенттик жатаканалар, музей менен таанышып чыгышты.

Соңунда профессор-окутуучулар жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь