КУАУнун жамааты Беловодское айылындагы көмөкчү жатак-мектепте кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Билим АКИpress - 31-январда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жамааты Москва районунун Беловодское айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебинде окуган окуучуларга кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Акцияга окуу иштери боюнча проректору, в.и.д., профессор А.Иргашев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор С.Батаканова, башкы бухгалтер Г.Чекирова, каржылык-пландоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Абдылдаева, КУАУнун лидер-студенттери Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Н.Кадырбеков, билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева катышты.

Иш-чарада окуучуларга арналган жагымдуу, көңүл көтөргөн, келечекке чакырган сөздөр айтылып, студенттер тарабынан концерт тартууланды.

Соңунда жатак-мектепте окуган окуучуларга белектер, окуу куралдары тапшырылды.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь