Эразмус+ программасынын BERNICA долбоору: ОшМУдагы окутуучулар англис тилин акысыз үйрөнүп жатат

Билим АКИpress - 2023-жылдын 20-февралынан тарта Ош мамлекеттик университетинин илим изилдөөчүлөрү жана окутуучулары үчүн Эразмус+ программасынын BERNICA («Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia») долбоорунун алкагында англис тили курсу окутулуп жатат.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, Upper-Intermediate, Pre-Intermediate жана Elementary деңгээлдеринде сабактар уюштурулган. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулду.

Акысыз курстун мөөнөтү төрт айды түзөт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь