КУАУда балык өстүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын 1-съезди өттү

4-майда Айыл чарба министрлиги менен бирге К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын балык өстүрүүчүлөрдүн, балык жана балык азыктарын кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын 1-съезди болуп өттү.

Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Төрөбаев, айыл чарба министри А.Жаныбеков, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Р.Нургазиев, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Э.Ниязов, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, башка министрликтердин өкүлдөрү жана балык чарба ишмердүүлүгү менен алектенген балык өстүрүүчүлүрдүн, балык жана балык азыктарын кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспортточулардын өкүлдөрү, КУАУнун технология жана биоресурстар факультетинин «Балык чарбасы жана аквакультура» адистигинде окуган студентер, профессордук-окутуучулар жамааты катышышты.

Иш-чарада өлкөдөгү балык чарба тармагындагы учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору, келечеги туурасында презентациялар болуп өттү. Аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата көлмө жана бассейиндик балык өстүрүүчү чарбалар үчүн пландоого жана буфердик зооналарга карата ветеринардык-санитардык ченемдер жана талаптар туурасында маалыматтар берилди. Балык азыктарын кайра иштетүүдө азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугуна болгон талаптар каралды.

Ошондой эле балык чарбасы жана аквакультура адистерин көбүрөөк даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть