КУАУга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен министр Аскарбек Жаныбеков барды

Билим АКИpress - 2023-жылдын 24-майында Министрлер кабинетинин төрагасы - КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, УИАнын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине иш сапары менен келишти.

Алар университеттин инфраструктурасы менен таанышышты:

  • Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий лабораториясы;
  • Агрохимиялык лабораториясы;
  • In vitro лабораториясы;
  • МТЗ трактору лабораториясы;
  • Окуу жана өндүрүштүк күнөсканалары;
  • Студенттик жатакана;
  • Балык фермасы;
  • Суу жана кыртыштын касиеттерин анализдөө боюнча Кыргыз-Кытай лабораториясы;
  • Ч.Айтматовдун кабинети;
  • Профессор Балян атындагы кабинети.

Илимий-изилдөөчүлөр өлкөнүн айыл чарба тармагынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө, лабораториялардын иштөө максаттары, милдеттери, актуалдуулугу туурасында маалымат беришти. Акылбек Жапаров In vitro лаборториясы келечекте айыл чарбасынын негизги тармагы экендигин айтып, Өзбекстанда мындай 19 лаборатория бар экендигин белгилеп, Кыргызстанда биринчилерден болуп Агрардык университетте In vitro лабораториясы иштеп жаткандыгы жакшы саамалык экендигин, илимий- изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгын, микроклондук көбөйтүү, инфекциялардан тазаланган, жаңыланган жогорку түшүмдүү көчөттөрдү өстүрүү ыкмалары туурасында айтып өттү.

Иш сапардын соңунда профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда КУАУнун ректору, академик Р.Нургазиев «Университеттин өнүгүү стратегиясы» аттуу темада презентация жасады.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасы, айыл чарбасы, энергетикасы, туризм, жаратылышты коргоо, кадр маселеси, нанотехнологиялар, жасалма интеллект, инновациялык технологиялар: бүгүнкүсү, эртеңкиси туурасында кылымдын чакырыктарына шайкеш келген олуттуу, терең, мазмундуу жана жеткиликтүү маалымат берди. Ошондой, эле лабораториялардын иштеп кетиши үчүн мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн белгилеп өттү. Соңунда суроо-жооптор болду.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь