Абдылда Мусаев ТҮРКСОЙдун күмүш медалы менен сыйланды

Билим АКИpress - 29-майда эл аралык Түрк дүйнөсүнүн маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде болуп, университеттин эмгек жамааты, активист студенттер менен жолукту.

Жолугушууда ал өзү жетектеген ТҮРКСОЙдун иши, жакында өтө турган иш-чаралар жөнүндө айтып, бир топ суроолорго жооп берди. Ошондой эле ал бир катар чоң эл аралык маанидеги иш-чараларды БМУнун аянтчасында чогуу өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун алкагында Султан Раев ТҮРКСОЙдун чечими менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор, белгилүү окумуштуу Абдылда Мусаев Түрк маданиятын, илим-билимин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ахмед Байтурсунулы атындагы күмүш медаль менен сыйланганын белгилеп, бул сыйлыкты тапшырды.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь