«Ала-Тоо» эл аралык университетинде акысыз окууга мүмкүнчүлүктөр бар

Билим АКИpress - Ар бир абитуриент окуу үчүн жеңилдиктерди сунуш кылган университетке тапшырууну максат кылат, анткени бул каржылык жүктү азайтууга жардам берет жана жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

«Ала-Тоо» эл аралык университети (АЭУ) — студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жараша окууга 5% дан 100%га чейин арзандатууларды сунуш кылган университеттердин бири.

Студенттердин 95% АЭУда арзандатуу менен окушат жана алардын арасында толугу менен акысыз окуган студенттер бар. Кылычбек Парпиев менен Алимбек Токтогазиев АЭУда кантип акысыз билим алышаарын айтып беришти:

Кылычбек Парпиев: «Учурда Информатика жана эсептөө техникасы кафедрасында 1-курста акысыз окуп жатам. Мен 11-класста англис тили боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду алдым, бул мага АЭУда 4 жыл бою окууга 100% жеңилдик берди. Бул мүмкүнчүлүк мага информатика илиминин өнүгүшү жана жетишкендиктери үчүн жаркын перспективаларды ачты».

Алимбек Токтогазиев: «Мен ЖРТнын 2022-жылдагы «алтын сертификатынын» ээсимин. ЖРТдан эң жогорку упай алганым үчүн АЭУ мага 6 жылдык окууга 100% жеңилдик берди. Мен англис тилдүү чебер дарыгер болуу кыялымды ишке ашырып, медицина факультетин тандадым. Акысыз окуу медицина тармагында жогорку жетишкендиктерге жетүүмө түрткү берет деп айта алам»

Окуу үчүн жеңилдиктерди берүү менен АЭУ бардык абитуриенттер үчүн алардын каржылык абалына карабастан, жеткиликтүү жогорку билим алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул студенттерге сапаттуу билим алууга жана тандалган тармактарда өз потенциалын ачууга мүмкүндүк берет. Бул студентке гана эмес, бүтүндөй коомго пайда алып келет.

АЭУ абитуриенттерге окуу үчүн ар кандай жеңилдиктерди сунуштайт:

Эл аралык олимпиадалардын (1-2-3-орундар) физика (IPHO), химия (ICHO), математика (IMO), биология (IBO), информатика (IIO) боюнча жеңүүчүлөрүнө каалаган факультетке окууга 100% жеңилдик берилет.

11-класста (физика, химия, математика, биология, информатика, тарых, география, англис тили, кыргыз тили, орус тили боюнча) республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө университет 1-орунга 100%, 2-орунга 50% жана 3-орунга 40% жеңилдик берүүгө даяр.

ЖРТнын упайларынын жыйынтыгы боюнча бериле турган жеңилдиктер:

  • 219-240 упай – 100%
  • 210-218 упай – 75%
  • 200-209 упай – 50%
  • 175-199 упай – 25%
  • 156-174 упай – 10%
  • 140-155 упай – 5%

Жеңилдиктердин тизмесин төмөнкү шилтеме боюнча тапса болот: http://alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml?id=69

Кошумча маалымат алуу үчүн кабыл алуу комиссиясына кайрылсаңыз болот: 0555 82 00 00 (WhatsApp)

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь