Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы студенттерине стипендиялар тапшырылды

Билим АКИpress - 2024-жылдын 11-майында Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев Н.Т. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Нургазиев Р.З., проректорлор, декандар, активист студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарада Шакиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган ири борбор экендигине, бардык потенциалга ээ жана өлкөнүн илимий-техникалык агроөнөржай комплексин өнүктүрүү үчүн ийгиликтүү иштерди жүзөгө ашырууда, зор мүмкүнчңлңктөргө ээ болгодугуна, сапаттуу билим берүүдө, илимий-изилдөө иштерин жогорулатууда, эл аралык биргелешкен долбоорлорду жигердүү ишке ашырууда зор мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын фондусунан Шакиев мыкты окуган, эл аралык, Республикалык илимий-практикалык конференцияларга, коомдук иштерге жигердүү катышкан 15 студентке, ар бирине 20 000 (жыйырма миң) сом стипендия жана Сертификат тапшырды.
Ошондой эле, агрардык багытта билим алып жаткан студенттер үчүн жазылган эки окуу куралды (авторлор:Самыкбаев А.К., Мурсалиев А.М., Түнкатарова Э.И. “Экология негиздери”, Осмонканов Т.О., Жусупов У.Т., Темирбеков Ж.Т. “Айыл чарба машиналары жана тракторлор”) басмадан чыгаруу үчүн ар бирине 100 000 (жүз миң) сом жана Сертификат тапшырды.
Жыйындын соңунда, университеттин ректору, акдемик Р.З.Нургазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Трагасы Шакиев Н.Т. тарабынан мындай колодоо көрсөтүү, профессор-окутуучуларга жана студенттерге дем берерин, аларды шыктандырарын белгилеп, ыраазычылык билдирди.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.