Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактары башталды. Жеңүүчүлөр батирлүү болушат

Билим АКИpress - Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактары башталды.

Ачылыш салтанатына билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышты.

Ал акыркы убакта мугалимдик кесиптин аброюн колдоп, социалдык статусун жогорулатуу максатында жаңы долбоорлор, программалар ишке ашырылып жатканын айтты.

Сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. 1-орунду алган мугалимге Бишкектен батир тапшырылат.

Сынактын максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором