ОшТУнун студенттери «Жашыл толкун» республикалык сынагында жеңишке жетти

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинин студенттери «Жашыл толкун» республикалык сынагында жеңишке жетти.
Окуу жайдын маалыматына караганда, жаштардын жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана билим берүү мекемелеринин бизнес, мамлекеттик түзүмдөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөө максатында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында «Жашыл толкун» сынагы уюштурулду.
Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун студенттик командасы (Шавданова Гүлсина, Анаркулов Сулайман, Абдисат уулу Энес, Абдижапарова Аймедина, Алмаматова Татина) «Жашыл чыгарма» номинациясын жеңип алды. Команданы э.и.к., бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти Каникей Самиева жетектеди.
Сынакка жогорку окуу жайлардан жалпы 23 команда катышып, анын ичинен 7 команда финалга чыккан.
Сынактын шарты боюнча ОшТУнун командасы үч ай бою Ош шаарындагы мейманкана менен кызматташып, анын ишмерүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыгында жашыл экономиканын инструменттерин ишке ашыруу боюнча сунуштамалар берилди.
Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле аларга өлкөдөгү алдыңкы ишканаларга консультант-аналитик кызматына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.
Бул сынак жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жаатында жаштардын активдүүлүгүн арттырып, алардын келечектеги карьерасына кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.