ОшТУнун магистранттары эл аралык форумга катышты

Ош технологиялык университетинин магистратура бөлүмүнүн студенттери Биймамат уулу Шахназар жана Турапов Айдарбек эл аралык «Евразия кинофест» форумуна катышып келишти.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, форум Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында 14-20-март күндөрү болуп өттү. Иш-чарага сегиз мамлекеттен келген 150 делегат катышып, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, чыгармачылык, медиа жана кино тармагындагы жаңы идеяларын талкуулого кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө сапаттуу видео жана фото съемка, сценарий жаратуу, режиссура, видео монтаж, актердук чеберчилик багытында атайын теориялык жана практикалык сабактар өтүлүп, катышуучулар квалификациясын жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту.

Эскерте кетсек, ОшТУнун студенттери жана магистранттары эл аралык форумдарга, конференцияларга байма-бай катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн ар дайым көрсөтүп келет.

АКИpress в YouTube — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть