ОшТУнун делегациясы Ташкент мамлекеттик техникалык университетине барды

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор Улукбек Мамытов жетектеген делегация Өзбекстандагы И.Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университетине окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен барып келишти.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.
ОшТУнун делегациясы аталган университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Ош технологиялык университети менен И.Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.