Ош ТУда билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди
Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам, жалпы кызматкерлер жана студенттер катышты.
Иш-чараны университеттин ректору Ж.Ж. Турсунбаев ачып, окуу жайда эмгектенип жаткан бардык профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.
Майрамдык салтанатты ректорат, кесиптик бирлик комитети жана Архитектура жана курулуш институту уюштурду. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучулар менен кызматкерлерге Жогорку Кеңештин, президенттин, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, мэриянын жана Ош ТУнун ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлиги майрамга колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун студенттери концерттик программасын тартуулашты. Белгилүү породисттер, куудулдар, ырчылар жана бийчилер майрамдык маанайды жандандырып, салтанатка көрк кошушту. Архитектура жана курулуш институтунун окутуучулары да ырларды аткарып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулашты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

