ОшТУда транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара гуманитардык-технологиялык колледждин «Автоунаа» предметтик-циклдык бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Салтанатты ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов ачып, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө автоунаа жана жол тармагында билим алып жаткан жаштардын келечекте өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Андан соң Техника жана технология бөлүмүнүн башчысы Рустам Пакирдинов сөз сүйлөп, бөлүмдүн окутуучуларын жана студенттерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгегине жогору баа берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө бирикмеде эмгектенип жаткан окутуучуларга жана активдүү студенттерге ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган КВН, ыр-бий жана көркөм номурлардан турган концерттик программа катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

 

 

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором