ОшТУда «Келечектин окумуштуулары» долбоорунун алкагында эл аралык илимий лекциялар өттү
Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде «Келечектин окумуштуулары» аттуу эл аралык илимий-практикалык долбоордун алкагында Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан жана илимий борборлорунан келген окумуштуулар студенттер жана окутуучулар үчүн лекцияларды өткөрүштү.
Иш-чараны Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучуларды куттуктады. Ал өз сөзүндө мындай долбоорлор билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын, ошондой эле жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чарага ОшТУнун жаш окумуштуулары, студенттери жана окутуучулары активдүү катышып, Россиянын белгилүү илимпоздору менен түз байланышта болушту. Алар ар түрдүү илимий темалар боюнча суроолорун берип, тажрыйба алмашышты.
Долбоор Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин демилгеси менен, Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана Россотрудничествонун колдоосу алдында, А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту тарабынан ишке ашырылууда.
Кыргызстандын аймагында 27–31-октябрь күндөрү өтүп жаткан бул долбоордун алкагында ОшТУнун студенттери жана жаш изилдөөчүлөр заманбап илимдин ар кыл багыттары боюнча лекцияларды угуп, жаңы билимдерге жана идеяларга ээ болушууда. Алар жасалма интеллекттин адамзатка тийгизген таасири, космостук аба ырайы, полимердик материалдар, математикалык логика жана тилдердин өз ара байланышы сыяктуу актуалдуу темалар боюнча баяндамачыларды угушту.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошту.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

