Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары «STEM билим берүүсүндөгү жасалма интеллект: жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу квалификацияны жогорулатуучу курстан өтүп жатышат.
Курстун негизги максаты окутуучуларга STEM методологиясын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү, заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти окуу процессине интеграциялоо, ошондой эле студенттердин чыгармачылык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп саналат.
72 сааттык окуу курсу аяктагандан кийин катышуучулар заманбап билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болуп, студенттерге сапаттуу жана инновациялык билим берүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Бул курс окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатып, билим берүү процессин жаңы технологиялар менен байытууга өбөлгө түзөт.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

