Агартуу министри Манас шаарында курулуп жаткан «Акылман» президенттик лицейин көрдү

Билим АКИpress - Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 4-февралда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан« Акылман» президенттик лицейине барды.

Министрликтин маалыматы боюнча, 360 окуучуга ылайыкталган лицей 3 кабаттан турат.

Окуу жайда заманбап окуу класстары, робототехника кабинети, лаборатория, демонстрациялык кабинет, кулинария кабинети, металл жана жыгач иштетүү устаканалары каралган.

Мындан тышкары, окуучулардын шартын камсыздоо үчүн ашкана, китепкана, спорт залы, бассейн жана жатакана курулат.

Андан соң министр Манас шаарындагы №75 жана №36 кесиптик лицейлерине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором